www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ жарандарды алдамчылардын тузагына түшүп калуудан сак болууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы жылдары өлкө аймагында алдамчылык фактыларынын көбөйүшү байкалууда. Айрыкча жарандардын ишенимине кирип, телефон чалуулар, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу алдоо жолу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган учурлар катталууда.
"Алдамчылар өздөрүн банк кызматкери, укук коргоо органдарынын өкүлү же жакыныңыз катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын же жеке маалыматтарды талап кылышат. Көпчүлүк учурда алар жарандардын банктык карталарынын реквизиттерин, SMS аркылуу келген бир жолку сыр сөздөрдү сурап, эсептерден акча каражаттарын которууга аракеттенишет. Ошондой эле ар кандай шектүү шилтемелерди жөнөтүп, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз алуу аракетин көрүшөт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, айрым учурларда "сый акы" сунуштап, банктык картаңызды убактылуу пайдаланууга берүүңүздү суранышат. Мындай аракеттер мыйзамсыз болуп саналат жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет.