www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүрүшкөн Кытай жарандары кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-декабрында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды кармоо боюнча биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Натыйжада Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүрүшкөн Кытай жарандары 1963-жылы туулган L.Y. жана 1967-жылы туулган SH. G. кармалышты.

"Кармалган чет өлкөлүк жарандар 2020-жылдан бери Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан Кытай Эл Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (Калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу) боюнча экономикалык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн.  Финансылык көз боёмочулук жолу менен алар 40 ашык жарандын 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) ыйгарып алышкан. Аталган чет өлкөлүк жарандарды камакка алууга облустук прокуратура уруксат берген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар Ош шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларды экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости