www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карл III дагы жумуртка ыргытылды

Улуу Британиянын Лутон шаарында падыша Карл III жумуртка ыргыткан адам кармалып, камакка алынды. Полициянын маалыматына караганда, 6-декабрда шаардын аянтында эл менен жолугуп жаткан падышаны көздөй 20 жаштагы жигит жумуртка ыргыткан.

Жумуртка падышага тийбей жерге түшкөнү менен жансакчылар аны окуя болгон жерден дароо алып кетишкен. Бир аздан кийин падыша кайра чыгып, эл менен жолугушууну уланткан. Би-Би-Синин маалыматына караганда, көпчүлүк падышага жумуртка атылганын байкаган эмес.

Бир нече жума мурун Карл III Йорк шаарынын жашоочулары менен жолугуп жатканда да жумуртка ыргытылган. Анда 23 жаштагы студент кармалган.

Жумуртка менен уруу окуясын кошпогондо, падышанын жолугушуусу жылуу маанайда өткөнү айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости