www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нуриет Абдулазиз: Кыргыз без понта - безпонтовый кыргыз

Оңололу кыргыздар, оңололу! Өзүбүз оңолбосок, коом оңолбойт! Мындай пикирин жарандык активист Нуриет Абдулазиз билдирди.

"Мындан он беш жыл мурун өлкөбүзгө боордош Түркиянын экономика министри келет. Адаттагыдай эле биз тарап алардан жардам иретинде ири өлчөмдөгү насыя сурайт. Эки тараптын сүйлөшүүсү Бишкектин бир мейманкаларында өтөт. Узакка созулган сүйлөшүлөрдөн бир аз тыныгуу алуу үчүн эки өлкөнүн министрлери балконго чыгып тамеки чегип, кофе ичишет. Ал жерде да убакытты текке кетирбестен кыргыз министри улам кесиптешин ынандырганга аракет кылат. Бирок улам сайын кол саатын тиктеген түрк министри бир мезгилде:

- Беш мүнөт турдук, эми кирели. Урматтуу кесиптеш, 13! - деп биздин аткаминерди таң калтырат.

- Кандай 13, түшүнгөн жокмун?

- Сиз болгону ушул санды эстеп калыңыз, мунун сырын кийин айтып берем, - дейт түрк баканы.

Арадан бир ай өтүп, эми кезек биздин делегацияга келет жана кыргыз тарап Анкарага барат. Кайрадан узакка созулган сүйлөшүүлөр жана эки министр адаттагыдай мейманкананын балконуна чыгып тамеки тартып, кофе ичишет. Ал жерде да биз тарап акыркы аракети менен ынандырымыш болот. Кол саатына улам тиктеген түрк министри:

-Беш мүнөт турдук, ичкери кирели. Урматтуу кесиптеш, 5! - дейт.

-Сизди түшүнгөн жокмун, 5 деген эмнени билдирет?

-Билесизби, мен сизге Бишкекте 13 дегенмин, азыр болсо 5 дедим. Экөөбүз Бишкекте балконго чыгып турганда Бишкектин бир көчөсүндө 5 мүнөт аралыгында 13 жол тандабас өттү, ал эми бизде болсо ошол эле аралыкта 5 гана жолтандабас өттү. Кыргыздар дагы бизден жардам сураганыңыздарга таң калам. Сиздердин өлкөңүздөр да, элиңиздер да кедей эмес, а балким акчаны туура эмес сарптап жатабы деген ой келди,- деп биздин аткаминердин оозун жабат.

Чындап эле биз кедей эл эмеспиз, а балким өз жашообузду өзүбүз татаалдаштырып жашаган элбиз. Эл көрсүн, кожо көрсүн, эл эмне дейт, элден калбайлы деп атаңталашып жүрүп, 1,5 млн кыргызды четке айдадык. Бир нерсе десең эле “жумуш жок, мамлекет завод-фабрика куруп койбойбу” деген сөздү угасың. Бирок ошол завод-фабрикасы жана жумушу жок деген мекенибизде башка улуттар жакшына эле оокатын кылып, балдарын көбөйтүп, очор-бачар эле жашап келе жатышат го. Балким маселе жумуш же заводдо эмес, а биздин ашыкча каадаларыбыз менен ыксыз салттарыбызда болуп жүрбөсүн. Муну уккан адам дароо мени кыргыздын душманы деп атаганга да шашпасын. Ак падыша, андан кийин совет бийлиги келгенге чейин кыргыздын жашоосунда эч кандай ысырап болгон эмес, бул акыркы 20-30 жыл ичинде эле чыккан нерселер. Аш көп болгон жерде, каада көп болот. Ницше деген философ мынтип айткан жайы бар: “Эмне үчүн жашаганын билген адам ,кантип жашайм деп башын оорутпайт”. Ооба, жашоонун максатын билбесең, эмне үчүн жашап жатканыңа ой калчабасаң, анда ошол жашоону кантип жашайм, ошол шартка жана комфортко кантип жетем, кандай үйдө жашайм, кандай тамактанам, кандай кийинем, кандай көмүлөм деп жүрүп өмүрүң өтүп кеткенин байкабай каласың. 

Учурда кыргыз сырткы жашоо менен, башкача айткандай понт менен алек болуп калды. “Кыргыз без понта-беспонтовый кыргыз “ деген сөз улуттук идеологияга айланды. Балаң Орусиянын суугунда кукси жеп жүрүп чогулткан акчасына айылда жылкы менен койлорду союп конокторду сыйлайсың. Кызың балдарын он жылдап көрбөй Америкадан салган акчага жүз миң сомдук шубаларды киесиң. Неберең суукта жөө жүрүп тамак ташып тапкан акчага жол тандабас минесиң. Өтүп кеткен ата-энемди ыраазы кылам деп аларга аш берүү үчүн өз балдарыңдын келечегин талкалаганга да ыраазысың. Эл ичинде башыңды көтөрүп жүрүү үчүн он жылдан бери балаңдын миллиондогон акчасын үйгө жумшаганга устасың. Нечен жылдан бери мекенден алыс жүрүп, араң тапкан акчаңа той бересиң. Мекенчилдик деген түшүнүк болсо калпак кийүү, айылыңа бир флагшток тургузуу жана арка куруу менен гана чектелип калды. Кыргызстанда бакубат жашаган башка улут өкүлдөрүн көрө албай сөгүнүп да коесуң. 21-кылымда адамзат космоско спутник учуруп, роботторду жумшап жатса, биз дагы деле чүпүрөк, салаттын түрү, эт, дасторкон, парда жана идиштин маркасы менен алектенип калдык. Адамдар жыл сайын жер кыдырып, саякаттап жүрсө, биз канча ресторанга барганыбызды жана кандай артистердин фонограмма менен ырдаганын айтып мактанабыз. Башка элдер улуу идеяларды талкуулап жатса, биз курултай, сессия жана саясаттан башыбыз чыкпайт. Оңололу кыргыздар, оңололу! Өзүбүз оңолбосок, коом оңолбойт!

Бул сүрөттө Фейсбук, Инстаграмм жана Ватсапты бириктирген Мета корпорациясынын кожоюну Марк Цукерберг Хонда фит маркасындагы унаасына отуруп жаткан учур чагылдырган. Шекербек мырзанын колунда 70 млрд доллар акчасы бар, салыштырмалуу биздин өлкөнүн жылдык ички дүң продукциясы 7 млрд араң жетет. Демек он Кыргызстанды бага турчу акчасы бар киши, бизде эң карапайым деген таксисттер минген Фит үлгүсүндөгү эле машине минет экен. Катардагы бир кыргыздын көзү менен карасаң, анда “жинди го!” деген ой келет. Ал жинди кыргызга окшоп түрлөнүп кийинбейт, бир түстөгү жана бир дизайндагы футболка менен джинсы шымдан онду алып койгон. Күн сайын ошонун тазасын кийип кете берет. Кайсы шымга кайсы көйнөк туура келет деп убакыт коротпойт, ал убакытты улуу идеяларды ишке ашырууга арнайт. Ошол кайтып келбес минуталарда миллиондогон доллар тапканга жетишет. Унааны бир орундан бир орунга жете турчу каражат, үйдү жөн гана түнөп, суукта тоңбой, ысыкта баш калкалай турчу эле бир түнөк катары көрөт. Кийим авратты жаап, ысык-сууктан сактай турчу чүпүрөк катары гана эсептелинет. Жеген тамак жөн гана бир күнгө ылайыктуу каллорияны берчү бир азык катары каралат. Ал эми биз кыргыздар унаа, үй, кийим-кече, идиш-аяк, тамак-ашты ыйыкташтырып, ошонун тегерегинде айланып калганбыз. Каабаны эмес, дал ушул нерселердин тегерегинде айланып жашап жүрөбүз. Кадимкидей эле бир культ пайда болду, түзмө-түз сыйынбасак да, бирок сыйынуунун элементтери бар. Негизи эле адамзат жеке пикиримде Нух а.с. доорунан да ашып өткөн бир бутпарас абалга келди. Илгерки буттар таш жана жыгачтан болуп, анын талкалоо жана ага каршы туруу оңой болгон. Азыркы буттар ар бир адамдын жүрөгүндө орноп, аны жүрөгүнөн чыгаруу абдан кыйын болуп жатат. Көпчүлүк ошол буту менен кошо намаз деле окуп жүрөт. Жадагалса ал бутту талкалаганга жетишпей, аны менен кошо жерге берилип жатат. Балким хадисте айтылган “вахн”, бул дүйнөгө болгон сүйүү дал ошол бут болуп жүрбөсүн.

Кымбат баалуу унааларга, кабат-кабат салынган хан сарайларга салык салганды колдойм. Жол тандабас минген киши эң азында ошол унаанын баасынын үчтөн бирине тете бажы төлөмдөрүн жана жыл сайын ошол унаанын баасынын 5% тете салык төлөсө, элдин баары майды аз жеген унаа минип калмак. Ошол дөңкөйгөн унааларды чыгарган жапондор өздөрү да минбейт экен аны, минген адамды жинди деп күлөт деп уккан жайым бар. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө люкс, понт жашоого кадимкидей салык бар. Анткени бул эпсиз, эси жок жашоо усулун чектебесе, адамдар өз ара жарышып жүрүп кыйналып калат. Муну эси бар элдер эчак эле билип, ал илдетти алдын алып келишет. Биз эле эсибизге келбей койдук. Бирок үмүтсүз шайтан демекчи, биз да оңолобуз деп ишенем. Оболу ар ким өзүнөн баштасын!", - деди активист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости