www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран хиджаб кийүүгө милдеттүү мыйзамды кайра карап чыгат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазериге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Монтазери ошондой эле өкмөт аялдардын милдеттүү түрдө хиджаб кийүүсү жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууга ниеттенип жатканын белгиледи.
"Чечим эки жуманын ичинде кабыл алынышы мүмкүн", - деди ал.
Кошумчалай кетсек, өлкө бийлиги буга чейин адеп-ахлак полициясын жойгон. Мындай чечим эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан массалык нааразылык акцияларынын фонунда кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg