www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Береке Групп ЛТД» кооперативине алдандык деген жарандар 7-декабрда АКИpress агенттигинде маалымат жыйын уюштуруп, акчасын кайтарып берүү
талабын айтышты.

Алар президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку соттун төрагасы Замир Базарбеков жана акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылышты.

Маалымат жыйындын катышуучуларынын айтымында, жалпы 418 жаран аталган кооперативге кошулган. Алардын ичинен 300 миң сомдон баштап 3 млн сомго чейин каражат бергендер бар.

Маалымат жыйындын катышуучуларынын айтымында, элди 7 менеджер азгырган. 

Учурда кооперативдин директору убактылуу камакта. Иш Ленин РИИБдин тергөөсүндө. Бирок айрым жабырлануучуларга тосмо арыз жаздырып, кутулуп кетүү аракети жүрүп жатат, дешти жабырлануучулар.

Жалпы жабырлануучулардын атынан келдик деген Конокалы Абыканов:

«Жарнамада үйдүн акчасын 15 жылдан 20 жылга чейин бөлүп төлөйсүңөр, баштапкы төлөмү болгону 15% деп кызыктырып алдашса, карапайым эл алданып калат экен да. 2 жолу митингге чыктык. Депутаттар, укук коргоо органдары менен жолугуштук. Алар колунан келгенин кылышты, бирок жыйынтык жок», - деди.

Булак: Акиpress

Последние новости