www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» КР мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жумушчу топтун курамына КРнын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгууга кызыкдар болгон ЖМКнын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгып, иштелип чыккан мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышы керек.

Жумушчу топтун курамындагылар:

Укушов Мурат Каниметович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси;

Айылчиев Алмаз Асимович — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Туратбек уулу Акылбек — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;

Караман Сыягул Абдимуталиповна — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти;

Сарногоева Салкын Сатаровна — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын начальниги;

Мамытканов Шеримкул Замирбекович — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды башкаруунун административдик-мамлекеттик жана соттук-укук коргоо системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси;

Карыпкулов Семетей Чолпонбаевич — «Bulak.kg» маалымат агентствосунун өкүлү;

Дуйшенбеков Нурдин Ракымбаевич — «Журналисттер» Коомдук уюмунун өкүлү;

Ниязова Махинур Маликовна — «24.kg» маалымат агентствосунун өкүлү;

Алагушев Ахмат Кыргызбаевич — «Медиа полиси институту» Коомдук фондунун өкүлү;

Азыкова Жылдыз Медетбековна — «Адилет» Укуктук Клиникасы« Коомдук фондунун өкүлү;

Жаныбеков Эдиль Алмазбекович — „Адилет“ Укуктук Клиникасы» Коомдук фондунун өкүлү;

Маслова Дина Улановна — «Кактус медиа» маалымат агентствосунун өкүлү;

Орозбай кызы Кайыргул — «Govori.tv» маалымат агентствосунун өкүлү;

Алимова Дилбархан Ташбаевна — «ПолитКлиника» медиасынын өкүлү;

Темирчиева Гладис Болотбековна — «Vesti.kg» маалымат агентствосунун өкүлү;

Оторбаев Кубат Табылдиевич — «Азаттык» маалымат агентствосунун өкүлү;

Мусаева Нуржан Асангалиевна — «Медиа өнүктүрүү борбору» Коомдук фондунун өкүлү;

Ложников Дмитрий Валерьевич — «Редакция Апрель» онлайн медиасынын өкүлү;

Сыдыков Нурбек Кудайбердиевич — «Медиа полиси институту» коомдук фондунун өкүлү;

Валиева Толобубу Бектурсуновна — «Кыргызстандын медиа аракеттер платформасы» медиасынын өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости