www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ юристтердин сынын четке какты

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги юристтер коомчулугунун мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча сынына жооп берди.

Мекеме юристтердин бир нече мыйзамдар коомдук талкууга коюлбай жана экспертизасыз өзгөртүлдү деген билдирүүсүн четке какты. "Контролдук сатып алууну" Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттабай эле жүргүзүүгө болот деген маалыматты да төгүндөдү.

2021-жылдын 27-январында Жогорку Кеңеш Кылмыш, Кылмыш-жазык, Кылмыш аткаруу кодекстерине, "Пробация жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон. Президент ага кол койгондон кийин 29-мартта күчүнө кирген. Аны өзгөртүүнү ИИМ сунуштап, муну аталган мыйзамдардагы боштуктарды жоюу аракети катары түшүндүргөн.

Министрлик мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында 2019-жылдын 1-июлунан тартып коомдук талкууга коюлганын, документте адвокаттар менен шектүүнү тыңшоого жол ачылганы тууралуу сын негизсиз экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин адвокат Замир Жоошев баш болгон юристтер мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү сындап, коомдук талкуусуз кабыл алынганын айтып чыгышкан. 

Булак: NazaNews.kg

Последние новости