www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Инвесторлорду качырып, аларды коңшу өлкөлөргө баруусуна шарт түзүлдү” - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Быйыл экономикалык абал өткөн 2020-жылдагыдай төмөн болбойт деп үмүттөнөм. Пандемиялык чектөөлөр азаят деп эсептейм. Бирок ошол эле учурда, бизде жеке менчикти коргоо кепилдиги жана инвестициялык климат начар. Бул саясий ар кандай окуяларга байланыштуу болгондуктан быйыл экономиканын өсүшү мен үчүн чоң күмөн жаратат. Бара-бара баалар да кымбаттап жатат, жазда жана күздө кымбаттоолор болот. Тилекке каршы, жумушсуздук, оору күчөп жатат, криминалдык абал курч. Ошо эле учурда акыркы убакта унааларга чейин уурдоолор болуп жатат. Бул эми жакшы жашоонун көрүнүшү эмес, жакырчылыктын, ачарчылыктын кабары десек болот. Баалар өткөн жылдан бери кем дегенде эле 30%га өстү. “Бюджеттеги акча таңкыстыгынан айлык, пенсия жетишпей калышы мүмкүн” деген сөздөр айтылууда. Салык да мурдагыдай түшпөй жатат, анткени бизнестеги капитал чыгып кетүүдө. Акыркы учурда бизнеске болгон кол салуулар да болуп жатат. Бул деген инвестицияларды качырып, келе турган инвесторлордун коңшу өлкөлөргө баруусуна шарт түзүүдө”, - дейт Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости