www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Артка бир кылчаюу", деген аталышта мигранттардын абалына тыкыр көзөмөл жүргүзгөн Медербек Ысманалиев миграция тууралуу пикирин жазды.
_____________________
Өткөн күндөргө саресеп салуу жана "артка карап кылчайюу" максатында мен да көпчүлүк мекендештердин бири болуп жүргөн күндөргө саякаттап келүүнү чечтим.
Анда, алгач Миграция кеңешинин ачылышы жөнүндө баяндап, андан кийин 2002-жылдан бери көздөй келебиз.
КР ЖК Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеңеш (мындан ары Миграция кеңеши) ачылганда "Бишкекте жалаң миграцияны түшүнбөгөндөр отуруп алып, эмнени чечмек элеңер. Араңарга миграцияда жүргөндөрдөн кошкула. Биздин көйгөйдү силер чече алмак белеңер" деген жүйөөлөрдү укканда шашпай жооп берүү жөнүндө ойлондум эле. Убакыт-сааты бүгүн чыккандай...
2018-2019 жылдар
________________________
2018-жылдын ноябрь айында КР ЖК депутаты Максат Бакирович Эгембердиевдин жардамчысы болуп бизнестен, коомдук ишмердүүлүктөн мамлекеттик жумушка келдим. ЖКке келгенимин негизги себептери болуп "Миграция жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү" эле.
4 ай жардамчы болуп иштеп, 2019-жылдын март айында депутаттын консультанты болуп иштеп баштадым.
Депутатка КР ЖК алдында миграция жана диаспора иштери боюнча коомдук кеңеш түзүүнү сунуштадым. "КР ЖК Регламенти жөнүндө" мыйзамы ага жол берет. Эмне иш жасашы, максаттарын түшүндүрүп бердим. Аябай жакты, колдоду. КР ЖК тиешелүү комитетинде маселени кароо үчүн документтерди даярдоого тапшырма берди.
Комитетте Миграция маселеси менен иш алып барган эжеге, кеңеш суроо үчүн, жолуктум. (Жеке аброюна шек келтирбөө максатында жана өздөрүнүн уруксаты жок кээ бир инсандардын аттарын атабай эле коёюн).
Барып, эжеге түшүндүрдүм. Эже башында жакшы кабыл алып, бирок кайра каршы чыкты:
- Токтот, бул оюң ишке ашпайт...
- Эмнеге?
- Этим уже занимаются депутаты...." деп 3-4 депутаттарды атады.
- Жакшы экен, чогуу иш алып барбайлыбы?" десем, көнбөдү.
- Ал депутаттар кандай жол менен иш алып барып атышат?, - деп сурадым
- Алар мыйзам чыгарышат, чет мамлекеттерге барганда, мекендештер менен жолугушат, маселенин угушат.
- Ошол көйгөйлөрдү угуп келип, өздөрү ишке ашырабы же...?
- Эмнеге өздөрү кылыш керек? Бул жаатта иш алып барган 2 мамлекеттик мекеме бар: КР Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик миграция кызматы, - деди
Эженин келтирилген жүйөөлөрү менен макул болбой, өзүмдүн оюмду билдирдим.
Кайра талкууга өттүк:
- Негизги идеяң эмне, аны кантип ишке ашырасыңар? - деп сурады
- Негизги ой-максат - мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону мекендештердин өздөрүнө аутсорсингге берүү, - дедим.
(аутсорсинг - сырткы булакты же ресурсту пайдалануу. Ишмердүүлүктүн кээ бир түрлөрүн жана функцияларын ошол жаатта иштеп жаткан башка уюмга өткөрүп берүү). Башымдан өткөн 2007-2010 жана 2010-2014 жылдардагы 2 мисалды айтып бердим. Эжеге жакты окшойт, бир аз жибиди.
Документтерди топтоону баштадым. КР ЖК алдындагы Миграция жана диаспора иштери боюнча коомдук кеңешинин түзүү боюнча Токтомдун долбоору чыгаары менен Максат Бакировичке КР ЖК бир нече депутаттары кайрылып "өтө жакшы иш баштапсың, мен да мүчө болуп кирейин" деп олтуруп, жалпы жонунан 16 депутат мүчө болушту. Алардын ичинен эң жигердүүлөрү Экмат Байбакпаев менен Өмүрбек Бакиров жана башкалары болду.
Биринчи тепкич - долбоорду комитетте кароо
__________________________
Долбоорду комитетте карап, андан соң ЖК жыйынына алып чыгуу керек. Ар кандай шылтоолорду айтышып, комитетке киргизбегенге аракет жасашты. Тоскоолдуктарга карабай, комитетке кирген күнү Президенттин Аппаратынын өкүлчүлүгүнөн келишип "бул долбоорду токтоп турууну жетекчилик суранып атат" деп, кыскасы, өткөрбөй коюшту. Ошону менен көңүл калды, бирок үмүт үзүлбөдү.
2020-жыл, октябрь
__________________________
2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин Талант Турдумаматович Мамытов КР ЖК Төрагасы жана КР Президентинин милдетин аткаруучусу, ал эми Бакыт Өмүрзакович Мажитов анын кеңешчиси болду. Долбоор сунуштады. Колдошту.
Талант Турдумаматович "мындай нерсени колдош керек. Мен үчүн сыртта жүргөн бир мекендешиме болсо да жардамым тийсе - чоң жетишкендик" деген сөздөрүн айтып, ак жол каалады.
Ошентип, документтерди даярдап 2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча Кеңеш (мындан ары Миграция кеңеши) түзүлүп, анын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Катчылык да ачылды.
Кеңештин мүчөлөрү:
1. КР ЖК Төрагасы жана 6 депутат;
2. Миграция маселесине тиешеси бар КР мамлекеттик уюмдары;
3. Миграция маселелери боюнча Кыргызстанда иштеп атышкан эларалык уюмдар;
Кеңештин катчылыгында 6 адам иштейбиз. Улан Шамшиевден башкасынын баары Кыргызстандын сыртында жашап, окуп, иштеп келгенбиз.
Миграция Кеӊеши мекендештердин, эл аралык өнөктөштөрдүн, диаспоралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен чет өлкөлөрдөгү мекендештердин өз ара кызматташуусун, аракеттенүүсүн чыӊдоону камсыз кылуучу жана мекендештердин укуктарын, кызыкчылыктарын колдоо, коргоо маселелери боюнча, мындан сырткары, адам сатуу, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу коомдук-консультациялык орган болуп саналат.
Кеӊештин негизги ишмердиги:
- мамлекеттик бийлик органдары, муниципалдык органдар, ошондой эле коомдук (өкмөттүк эмес) уюмдар, мекендештердин бирикмелери жана диаспоралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- эл аралык уюмдар жана алардын уставдык органдары менен кызматташуу;
- маданий, социалдык, билим берүүчүлүк, гуманитардык, диний жана башка багыттардагы долбоорлорду иштеп чыгуу жана колдоого алуу, ошондой эле мекендештерге карата мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын жана бирикмелердин, мекендештердин жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу, этностук маданиятын сактоо боюнча күч аракеттерин координациялоо;
- мекендештердин чет өлкөлөрдөгү көйгөйлөрү, миграциялык процесстердеги мүмкүн болуучу тобокелдиктер жөнүндө маалыматтарды алмашуу жана бул жаатта коомдун маалымдуулугун жогорулатуу;
- жаштардын демилгелерин жана инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү жана колдоого алуу;
- аймактык өнүгүү пландарынстратегияларын иштеп чыгуу жана колдоо;
- эмгек миграциясы, мекендештерди колдоого алуу, адамдарды сатуунун жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү жагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча долбоорлорду жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
Кеӊештин негизги максаты болуп: - - мамлекеттин, мекендештердин, диаспоралардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда коопсуз миграция, Кыргыз Республикасынын динамикалуу экономикалык, маданий, социалдык өнүгүүсү, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоого алуу, коргоо маселелери боюнча ара аракеттенүүсү жана натыйжалуу кызматташуусу саналат.
Коюлган милдеттерди чечүү үчүн Кеӊеш төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- миграция, анын ичинде эмгек миграциясы маселелери боюнча программалык документтерди, ченемдик-укуктук актыларды аныктоого жана иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды жана жаӊы технологияларды тартууга көмөктөшүү;
- Кеӊештин алдына коюлган милдеттерди чечүүнүн жүрүшүн кароо.
Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн Кеӊеш төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мекендештерди колдоого алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышкан негизги маселелер боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эмгек миграциясы, адамдарды сатуунун жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү маселелери боюнча программалык документтерди, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жагында сунуштарды киргизүү.
Уландысы бар...