www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ааламда эң жырткыч жандыктар “скорпиондор” болот экен. Булар энесинин курсагында жатканда эле жырткычтыгын баштап, кээ бирөө энесинин ашказанын жеп жарык дүйнөгө келет. Убактылуу Өкмөт да бийликке келе электе эле бири-бирин аңдып, жырткычча чайнап жибергиси келген саясатчылардан чогулган. 2009-жылы президенттик шайлоо алдында “Колунда токочу бар бала сүйкүмдүү” деп, акчасы бар Атамбаев БЭКтен президентке талапкер болот. Анын сөзүнө моюн толгогон БЭКтин мүчөсү Темир Сариев өз алдынча талапкер болуп, Атамбаевди сого баштайт. “Келеринде дүнүйө жаркыраган айнектей, кетеринде дүнүйө түбү түшкөн чайнектей” деген кеп бар. Темир Сариев бийлик алмашар менен “терисин тескери жамынып” Убактылуу Өкмөткө кире качып финансы министри катары акчаны бүт тейлеген. Бирок Атамбаев анын сөзүнө кулак салбай, кадр маселесин өзү каалагандай калчаган. Бары бир ичинен ал Темир Сариевди кечирген эмес. Кийин президент болгондо бир-эки жыл өкмөт башына алып, көчүккө тээп кубалап чыккан.

Атамбаев Текебаевди камап, кулак-мээси тынч бийлик жүргүзгүсү келген, бирок бумеранг болуп кетти. Текебаевди оң жактан да, сол жактан да сындагандар көп, чындыгы Өмүрбек Чиркешович азыркы саясатчылардын эң сакалдуусу, отуз жылдан бери саясий айдыңда жүрөт. 2010-жылы Бакиевдик бийлик алмашкан соң ким мамлекетти жетектейт деген тымызын атаандаштык башталат. Отунбаева президент болду, бирок убактылуу бир жарым жылга. Арийне, байлык колунда турган Атамбаев көп аймактарга өз ишенимдүү адамдарын дайындап колун ушалай баштайт.

Текебаевдин Атамбаевге алы жетпесин билип мыйзамды колго алат да, келечектеги президентти мыйзам менен “тузактоо” жолуна түшөт. Ошондуктан, Текебаев Башмыйзамды даярдоо боюнча комиссияны жетекчиликке алат. Текебаевдин оюнча президенттик институтту биротоло күм-жам кылып, парламенттик республика айлантуу болгон. Буга чейин спикер президенттин алаканында ойногон  “пешка” болгон. Бул мыйзамдын негизинде кийин спикер болгон Акматбек Келдибеков гана мыйзамды куп пайдаланып президент менен тең ата салмактагы спикер боло алган. Ошондуктан Атамбаев президент болоор менен Келдибековду куугунтукка алган.

2010-жылы июнда референдум менен кабыл алынган Башмыйзамга кээ бирөөнүн каршылыгына карабай Текебаев “Президент 6 жылга бир гана мөөнөткө шайланат” деп жазып койгон, эгер башкалардын тилин алып “6 жылга эки мөөнөткө шайланат” деп койсо, 2017-жылы президенттик шайлоодо административдик күч менен болсо да Атамбаев экинчи ирет өлбөгөн жерде президент болуп, бийлигин 2023-жылга чейин узартмак. Андан кийин да көрө жатмак.Бизден кийин Орусия “Президент 6 жылга эки мөөнөткө шайланат” деп Путин төртүнчү мөөнөткө кетти. Эгер Орусия бул мыйзамды бизден мурун кабыл алганда биз ушул жолго түшмөкпүс.

2016-жылы 31-августта ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев түшүнөн чоочугансып Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн мазактап, өзү бул жакта жок сымал катуу сындарды айткан. Бул сынды унчукпай уккан экс-президент Роза Отунбаева “протест” жасап кетип калган. Ошондон соң Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн Конституциясына асыла баштайт. Ал бул Конституция 2020-жылдын 1-сентябрына чейин оңолбой турганын билсе да референдум өткөрүп, бул Конституцияга өзгөртүү кийирет. Текебаевдин камалышынын башкы себеби Маевский эмес, ал жөн эле шылтоо. Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктап бараткан соң 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деген Башмыйзамга өзгөртүү кийирүүнү көздөгөнү себеп болот. Бул референдумда президент экинчи ирет шайлансын десе деле өтүп кетмек. Бирок Атамбаев кууланды президенттен полномочиенин барын алып, премьерге берди да, бири-бирин кагыштырып коюп, өзү суперпрезидент катары Кой-Ташта чалкалап жатып алып мыйзамсыз башкаргысы келген. Ал эми Текебаевди жети жылга камап кулак-мээси тынч бийлик жүргүзө бермек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости