www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек жана Ош шаарларында түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул кызматына (МКК) талапкерлерди кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган долбоордун стратегиясы жана пландары мамлекет башчынын сунушу менен жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүгүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан аныкталган.
Долбоордун максаты — милиция кызматкерлерине жарандардын ишеним көрсөтүүсүн камсыздоо жана ЖКККББ менен МККнын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу болуп саналат.
"2020-жылдын 10-августунда Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кабыл алуу боюнча сынактын 5-туру (тестирлөө) жыйынтыкталды. Анда 223 талапкер өтүп, 22 адам өтпөй калган. Ал эми 24-25-августта норматив тапшырып, андан өткөндөр 27-28-август күндөрү маектешүүгө барышат. Ош шаарынын Кайгуул милициясына 497 талапкер арыз таштаган. Анын ичинен 264ү жөнөкөй жарандар. Алар 13-августта тестирлөөдөн өтүшөт. 18-19-август күндөрү норматив тапшырып, андан өткөндөрдү комиссиянын маектешүүсү күтөт", — деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле, сынактарды өткөрүүнүн шарттары бардык катышуучуларга бирдей.
Бишкек шаары боюнча сынактан ийгиликтүү өткөндөр ИИМдин академиясынын базасында, ал эми Ош шаары боюнча ИИМдин республикалык окуу борборунун базасында үч айлык курстан окушат.
Окуунун жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларынын Жол кайгуул кызматы башкармалыгында кызмат өтөө үчүн келишим түзүлөт.
Булак: NazarNews.kg