www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы П.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Тергөөнүн маалыматына караганда, 2022-жылдын 29-июлунда П.Ж. кызматтык абалын пайдаланып, Кара-Суу шаарындагы аянты 82,75 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, түз келишимдин негизинде жеке жакка мыйзамсыз саткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, тергөө учурунда П.Ж.нын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө укук берген жогорку билими тууралуу диплому жок экени аныкталган. Маалыматка ылайык, ал жасалма документтин негизинде муниципалдык кызматтарды ээлеп, эмгек акы алып келген.
Тергөөчүлөрдүн алдын ала эсептөөсү боюнча, келтирилген зыяндын көлөмү 5 млн сомдон ашат.
П.Ж. 2026-жылдын 29-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары кармалган.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.