www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дзюдочу Эрлан Шеров Жапониядагы Азия оюндарында 90 кг чейинки салмак категориясындагы мелдеште күмүш медалга ээ болду.
Финалда Шеров Жапониянын өкүлү Рику Окада менен кез келген.
Беттештин негизги убактысы жыйынтыктоочу бааларсыз аяктап, күрөш «Golden Score» форматында уланды. Кошумча убакыттын 4 мүнөт 38-секундасында Окада вазари упайын алып, жеңишке жетти.
Финалдын жүрүшүндө эки дзюдочу тең эскертүү алды: Шеровдо бир шидо, жапониялык спортчуда эки шидо болду.
Натыйжада Эрлан Шеров турнирди күмүш медаль менен жыйынтыктады.
Финалга чейинки жолдо кыргызстандык спортчу иппон менен үч жеңишке жетишкен: 1/8 финалда 25 секундда Шри-Ланканын өкүлү Милан Марко Мичеал Анджалону, чейрек финалда 1 мүнөт 35 секундда БАЭден келген Хажимурад Омаровду, ал эми жарым финалда «Golden Score» учурунда өзбекстандык Нурбек Муртозоевди утуп алган.