www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы байыркы шаарлардын калдыктарын изилдөө жана сактоо боюнча ЮНЕСКО көмөк көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Халед Аль-Анани Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев менен Парижде болгон жолугушууда билдирди.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун тарыхый, маданий жана жаратылыш мурастарын коргоо жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.
Марлен Маматалиев Кыргызстан байыркы тарыхы жана уникалдуу маданий мурастары менен өзгөчөлөнөрүн белгилеп, аларды сактоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүүдө ЮНЕСКО менен тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин айтты.
Тараптар жер астында жана суу алдында калган байыркы шаарларды изилдөө маселесине да токтолушту. Халед Аль-Анани ЮНЕСКО бул багытта окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана археологдорду Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, ЮНЕСКО келерки жылы Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» II Глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле Бишкектин «Креативдүү шаар» долбоорун ишке ашырууда Кыргызстан менен биргелешип иш алып барууга кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушууда геопарктарды өнүктүрүү, тарыхый-маданий жана жаратылыш мурастарын коргоо боюнча башка долбоорлор да талкууланды.