www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын жокко чыгарууну талап кылган петиция интернетте жарыяланып, ага миңдеген адамдар кол коюуда. 2-октябрдагы маалымат боюнча, петицияны 4 миңден ашуун адам колдогон.
Петициянын пайда болушуна депутаттын 29-сентябрда парламенттин тиешелүү комитетинин жыйынында Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү («Зордуктоо») жана 157-беренеси («16 жашка толо элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») боюнча айрым иштерде пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу сунушу себеп болгон.
Бул демилге коомчулукта талкуу жаратып, социалдык тармактарда депутаттын дарегине сын-пикирлер айтылды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кийинчерээк депутаттын сунушу жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар үчүн жазаны жеңилдетүүгө багытталбаганын түшүндүргөн.
Маалыматка ылайык, учурда бул маселе боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу комитет тарабынан чечим кабыл алына элек.
Айсаракан Абдибаева 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо №15 көп мандаттуу округдан 3988 добуш менен депутат болуп шайланган. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын жарыялаган тизмесинде көрсөтүлгөн.