www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түшкө маал Нарында жер титиреди

Бүгүн, саат 12:39да Нарын облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Орто-Сырт айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышка карай жана Баетов айылынан 32 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Калктуу аймактарда (Орто-Сырт, Кара-Булак айылдарында) силкинүү күчү 3 баллды түздү.

Последние новости