www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Facebook» социалдык тармагында видео-тасма тарап, анда «Тойота-Виш» үлгүсүндөгү автоунаадан белгисиз адам кара түстөгү желек кармап жүргөндүгү, ал желекте араб тилиндеги жазуу бар экендиги, ошондой эле бул окуя Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылында тартылгандыгы айтылган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана МУККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда айтылган автоунаанын айдоочусунун өздүгү такталып, ал Э.Т. аттуу жаран экендиги, араб тилинде жазуусу бар жашыл түстөгү желек досунун суранычы менен анын этникалык азчылыктын улуттук белгиси катары үйлөнү-үлпөт тоюна колдонулганын билдирген. Аталган видео “Кант-Бишкек” унаажолунда, тактап айтканда Лебединовка айылында тартылган.

Андан сырткары, жогорудагы желектеги жазуунун мазмуну жана желектин өзү эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын атрибуту менен белгилерине кирбейт. ИИМдин кызматкерлери автоунаанын айдоочусуна диний мүнөздөгү атрибуттарды колдонууга болбоору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Баарлашуудан кийин айдоочу бошотулду деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости