www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын өздүк курамы менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында   абалды жөнгө салуу маселесин талкуулап, коомдук тартипти камсыздоо менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды коюп, андан сырткары башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кошо чек арага чектеш райондордун калкына түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Министр, чек арадагы  абалды курчутууга жол берилбей тургандыгын жана калыс иликтөө жүргүзүү керектигин белгиледи. 

Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.  Милиция кызматкерлери күнү-түнү чек арага чектеш аймакта күзөттө  болушат. 

Азыркы убакта  милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында абал туруктуу, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости