www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз республикасынын аймагында коомдук тартипти жана коомдук коопсуздук камсыздоо максатында атайын иш чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 3-5 мартында Бишкек шаарында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты (IV дивизион) даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу Кыргыз республикасынын аймагында жана Бишкек шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги эскертет, 2020-жылдын 26-февралынан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык област, райондорунда жана Ош жана Бишкек шаарында ыкчам алдын алуу иш чаралары өткөрүлө баштайт. Хоккей боюнча Дүйнө Чемпионатын өткөрүүдө жарандардын, меймандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо – ИИМдин башкы багыттарынын бири болуп саналат.

Иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын каттоосунда тургандардын кылмыштарды жана укук бузууларды жасоосун алдын алууга, андан сырткары үй-бүлөлүк-тиричилик мамилелер чөйрөсүндө кылмыштарды жана коомдук жайлардагы укук бузууларды алдын алууга багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт. Укук бузуулардын алдын алуу менен бирге коомдук тартипти сактоо жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча комплекстүү иш чаралар да жүргүзүлөт. Жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүү коомдук жайларда жана оюн-зоок мекемелеринде кылмыштарды жана укук бузуулардын санын азайтуу, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана кылмыштарды төмөндөтүүгө багытталган.

Милициянын кызматтары тарабынан коомдук-саясий жана ыкчам абал талданып, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алууга жана эскертүүгө чаралар көрүлүүдө. Массалык иш-чаралар өтө турган жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп, маанилүү обьекттилер өзгөчө көзөмөлгө алынат.

ИИМ жарандарды сак болууга чакырат жана көрүлүп жаткан ыкчам алдын алуу чараларды (шек санаган буюмдарды көргөн учурда жакынкы кезметтерге кабарлоо керек) түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Иш чаралардын жүрүшүндө атайын пландарга ылайык кызматкерлеринен турган филтрациялоо посттору коюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости