www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат эрежесин бузган 117 адам кармалды, алты машине атайын токтотуучу жайга киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 86, Ошто 29, Сузак районунда бир, Кара-Суу районунда бир адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

"“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик кайгуул тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости