www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигине Бишкек-Ош автоунаа жолунда жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин карамагындагы салмак-өлчөм көзөмөл постторунда иштеген жооптуу кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кызмат адамдары жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмак нормасынан ашып кеткенине карабастан, аны каттабай, тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн айдоочулардан 1000 сомдон 5000 сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын туруктуу түрдө алып турушканы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул посттордон күн сайын 150-200гө чейин жүк ташуучу унаа өткөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери салмак-өлчөм постторунун жумушчуларын акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармашкан. 1991-жылы туулган А.З., 1981-жылы туулган С.У., 1998-жылы туулган А.А., 1994-жылы туулган А.Р., 1979-жылы туулган М.М., 1973-жылы туулган Т.Т. жана 1994-жылы туулган А.Б. аттуу жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.



Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда. Бул туралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.