www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 11-январында болжол менен саат 13:10 чамасында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кемин шаарындагы үйлөрдүн биринен бычактан алган жаракаттары бар эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда Кемин шаарындагы үйлөрдүн биринен 1960-жылы туулган А.А. аттуу жарандын денесинде көп сандаган бычактан алган жаракаттары бар жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денеси өлүк сактоочу жайга жөнөтүлүп, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар экспертизалар дайындалган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2026-жылдын 11-январына караган түнү маркум Б.Т. аттуу жарандын үйүндө болуп, ал жана алардын таанышы С.К. менен бирге спирт ичимдиктерин ичип отургандыгы аныкталган. Кылмыш жасалгандан кийин С.К. аттуу жаран окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1960-жылы туулган Б.Т. жана 1960-жылы туулган С.К. аттуу жарандар аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

 

Последние новости