www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү өттү.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, эл аралык транспорттук коридорлорду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы бажы өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн оптималдаштырууга багытталган чараларга өзгөчө көңүл бурушту.
Министрлер жүктөрдүн үзгүлтүксүз жана натыйжалуу транзитин камсыз кылуу, ошондой эле аймактык соода жана логистиканы өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 2026-жылы жогорку деңгээлдеги сапарларды даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар мамлекет башчыларынын жолугушуулары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу маселелердин бардык багыттары боюнча активдүү саясий диалогду жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.