www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылга Прибалтика өлкөлөрү, тактап айтканда Литва, Латвия жана Эстониянын калкы бийликке карата ишеним жоготкон терең кризиске кирип жатат. Коом бийликке ишенбей калды. Негизги көйгөйлөр катары калктын санынын кыскарышы (демографиялык абалдын курчтугу) экономиканын солгундашы жана социалдык теңсиздиктин өкүм сүрүшү кырдаалды оорлотууда.
Бүгүнкү күндө Литвада өкмөттүн рейтинги тарыхый минимумга түшүп, элдин болгону 12 пайызга жакыны гана бийликке ишеним билдирүүдө. Бирок саясий талаштар экономиканы көтөрүү, демографиялык абалдан чыгуу тууралуу эмес, элдин маанайын сырткы күчтөргө буруу, башкача айтканда, Россия менен каршылаштыкты күчөтүүгө багытталып жатат. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери дээрлик бир миллион калкынан айрылды. Жыл сайын өлгөндөр төрөлгөндөрдөн он миңдеп көп.
Латвияда да абал окшош. Өкмөткө жана парламентке ишеним дээрлик жок. Белгилүү маданият өкүлдөрү өлкөнүн келечеги жөнүндө ачык үмүтсүздүк менен сүйлөй баштады. Туулуу көрсөткүчтөр тарыхый минимумга жетип, калк табигый жол менен жоголууда. Бирок бийликтин көңүлү социалдык саясатка эмес, тил жана идеологиялык чектөөлөргө бурулган.
Эстонияда саясий элитанын рейтинги кулап, оппозиция күч алууда. Ошол эле учурда өлкө энергетикалык, экономикалык жана демографиялык кризиске кептелди. Ишканалар жабылып, баалар өсүп, байлык аз сандагы адамдардын колуна топтолууда. Калктын көбү эң зарыл нерселерге гана жетише алат.
Үч өлкөдө тең көрүнүш окшош. Эл азайып, жаштар кетип жатат. Ал эми бийлик ички көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна тышкы саясаттагы катуу позицияны негизги “жетишкендик” катары көрсөтүүдө.
Натыйжада Прибалтика өлкөлөрү бүгүн тышкы фронттордо эмес, өз ичинде утулуп жатат. Эгер калктын санын кыскарышы боюнча көйгөйлөр менен экономика жана социалдык адилеттүүлүк биринчи орунга коюлбаса, саясий ураандар өлкөлөрдү бошоп калган шаарлардан жана жабылган мектептерден куткара албайт.