www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагынан мал уурулук менен шугулданган топтун изине түшүп, шектүүлөрдү кылтакка илишти. Алар Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан 2 жылдын ичинде жалпы 150 баштай уй, жылкыларды уурдоого шектелип жаткандыгын бүгүн, 15-июнда министрликтин басма сөз кызматы жарыялады. Кармалган 3 адам баары Ош облусуна караштуу Алай районунун тургундары. Алардын бири 44, экинчиси 43 жана 33 жаштагы тургундар. Алар учурда Бишкекте, Чүйдө жана Ошто жашап турушкан. Кармалгандарга карата Жалал-Абад облусунун аймагынан мал уурулук боюнча 12 кылмыш иши ачылды. Аталган облустун Базар-Коргон, Сузак, Токтогул, Ноокен, ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларынын жалпы 70тей уюн, жылкысын уурдап кетишкен. Ал эми Ош облусунун Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунан 50 баш, Чүйдөн 30 баш ири мүйүздүү малды уурдаган деп шектелишүүдө. Алар алгач болжогон олжосун жайлоолорго чейин барып байкап, маалыматтарды тактап ыңгайы келген жерден жүк ташуучу унаага салып кетишкен. Кээде ээси жок жайылган малдарды үйүрү менен да айдап кеткен учурлары болгон. "Бүгүнкү күндө кармалган адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө жүрүп жатат”, - деп айтылат катчылыктын маалыматында. Сүрөттөрдө аларды кармоо маалында далил катары алынган мал жана алардын мал ташыган унаасы.
 

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

Последние новости