www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ шайлоо эрежесин бузган 73 факт катталганын билдирди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 73 факты катталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын ичинен 19 факты Жазык кодексинин 192-беренеси (“Шайлоочуларды сатып алуу”), 182-беренеси (“Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу”) жана 200 –беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталды.

17 факты Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”), 87-1-беренеси (“Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”), 94-беренеси (“Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу”) жана 90-беренеси (“Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо”) боюнча катталган.

37 иш маалыматтарды каттоо журналына алынып, тийиштүү териштирүү жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги айрым аймактарда административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, териштирилип жатканын белгиледи. Милиция социалдык тармактарды, медиага мониторинг кылып жатканын билдирди. Ички иштер министрлиги кырдаалды туруксуздаштырууга жол берилбестигин жана тартип бузгандар мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертүүдө.Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости