www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында башка кызматтар менен биргеликте "K" интернет-дүкөнү аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда 2007-жылы туулган К.А.Б. жана 2005-жылы туулган С.С.А. аттуу жарандар "Honda Fit" үлгүсүндөгү авто унаа менен бара жаткан жеринен кармалган. Унааны тинтүү учурунда кутунун ичинде жалпы салмагы 1 кг жакын болгон кочкул жашыл түстөгү заты бар 4 брикет табылган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.А.Б.нын жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, төмөнкүлөр табылып алынды: жалпы салмагы 125,47 грамм болгон ар кандай түстөгү жана өлчөмдөгү 290 таблетка, жалпы салмагы 157,37 грамм болгон ZIP-пакеттердеги заттар, салмагы 194,31 грамм болгон кристалл сымал зат, "MBank" банктык картасы, электрондук тараза, ZIP-пакеттер, кол каптар, изолента, магниттер жана баңгизаттарды таңгактоо үчүн башка шаймандар.

Баңгизаттар жана психотроптук заттар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жашыруун жайгаштыруу ыкмасы менен таратууга багытталгандыгы аныкталган.

Ошентип, 5 миңден ашык бир жолку дозадагы баңгизаттарды жана психотроптук заттарды 5 миллион сомдон ашык суммага таратууга бөгөт коюлду.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана баңгизаттарды жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости