www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү саммиттин темасы “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” – заман талабына ылайык, өзгөчө актуалдуу маселе болуп саналарын баса белгиледи.
Ал дүйнө терең өзгөрүү баскычында турганын, ал эми технологиялардын ыкчам өнүгүүсү экономикага, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана коомдук жашоонун бардык тармактарына таасир этип жатканын айтты. Бүгүнкү күндө атаандаштык ресурстар жана аймактар үчүн гана эмес, технология жана жасалма интеллект үчүн да жүрүп жатат.
Президент Түрк мамлекеттеринин биримдиги жана биргелешкен инновациялык потенциалы жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, регионду глобалдык технологиялык картада күчтүү борбор катары чыңдай турганына токтолду. Буга байланыштуу санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатында түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Мамлекет башчысы аталган тармакта Кыргызстан дагы маанилүү кадамдарды жасаганын жана санариптик технологиялар менен жасалма интеллектти өнүктүрүүдө белгилүү бир ийгиликтерге жетишкенин айтты.
“2026-жылы санариптик чөйрөнү өнүктүрүү, маалыматтарды жөнгө салуу жана жасалма интеллектти колдонуу үчүн укуктук базаны аныктаган Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси күчүнө кирди.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик.
Анын айкын далили – “Түндүк” порталы.
Бул портал аркылуу жарандар 195 мамлекеттик кызматты онлайн режиминде ала алышат.
Жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы саны беш жыл ичинде 67 миллионду түзсө, анын ичинде соңку төрт айда гана 12 миллиондон ашты”, - деди Садыр Жапаров.
Ал азыркы учурда Кыргызстанда кыймылсыз мүлк жана унаа каттоодон баштап, паспорт алуу жана башка мамлекеттик кызматтарга чейин үйдөн чыкпай туруп уюлдук телефон аркылуу жетүүгө болорун белгиледи.
“Түндүк” мамлекеттик кызматтар порталынын жалпы колдонуучулары 16 жаштан 55 жашка чейинки өлкө калкынын 80 пайызын түзөт.
Соңку беш жыл ичинде мамлекеттик органдардын электрондук операцияларынын көлөмү 5 миллиарддан, ал эми мамлекет менен бизнес арасындагы электрондук операциялар 1 миллиард 700 миллиондон ашты.
Бул көрсөткүчтөр санариптик технологиялардын күндөлүк турмушубузга терең интеграцияланып баратканынын белгиси”, - деп баса белгиледи Президент.
Ал Кыргызстанда санариптик трансформация активдүү илгерилеп, анын ичинде билим берүү жана технологиялар тармагында олуттуу кадамдар жасалып жатканын айтты. Бардык мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташты, жогорку окуу жайларда заманбап билим берүү программалары ачылып, жасалма интеллект жаатында инфраструктураны жана ченемдик базаны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Өз сөзүндө Президент өлкөдө жасалма интеллектти өнүктүрүүнү координациялоо үчүн атайын механизмдер, анын ичинде Бишкектеги Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүн баса белгиледи.
Мамлекет башчысы санариптик финансылык технологиялардын жана виртуалдык активдер рыногунун өнүгүшүнө көңүл бурду. Ал Кыргызстан жаңы финансылык ыкмаларды киргизүү, криптоиндустрияны өнүктүрүү жана тиешелүү укуктук базаны түзүү боюнча кадамдарды жасап жатканын билдирди.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана санариптик жана инновациялык технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Ал Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан аймактын стратегиялык маанисин белгилеп, анын транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн макулдашылган аракеттердин зарылдыгына токтолду. Транспорттук коридорлорду санариптик платформалар менен бириктирүү түрк мамлекеттерине дүйнөлүк жүк ташуу системасында маанилүү орунду ээлөөгө мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчысы кыргыз тараптын демилгеси менен Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында эл аралык жүк ташуунун электрондук коштомо кагазын ишке киргизүү боюнча меморандумга кол коюлганын эске салды.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ТМУнун атайын кеңешин түзүү жөнүндө биргелешкен демилгеси тууралуу билдирди, анын алкагында эл аралык издөө жана маалымат алмашуу боюнча санариптик системаны ишке киргизүү каралган.
Мындан тышкары, Президент электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндөгү Келишим долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, аны түрк мамлекеттеринин ортосунда бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү жолундагы маанилүү кадам деп атады.
Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык коомчулуктун чоң кызыгуусун жаратып жатканын эске салып, мамлекет башчыларын жана өлкө делегацияларын алдыдагы оюндарга активдүү катышууга чакырды.