www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич,
Урматтуу кесиптештер,
Урматтуу Башкы катчы мырза,
Эң алгач, Казакстан Республикасынын Президенти урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич мырзага жана боордош казак элине жылуу меймандостугу жана бүгүнкү иш-чараны мыкты деңгээлде уюштургандыгы үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Байыркы Түркстан шаары биздин жалпы тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана руханий мурасыбыздын символу катары бүгүнкү талкуулар үчүн өзгөчө жемиштүү аянтча болуп берет деп ишенем.
Мен бүгүн боордошторум менен кайрадан жолукканыма чын жүрөгүмдөн кубанычтамын.
Кыргызстан үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгү өзгөчө мааниге ээ жана анын өсүп келе жаткан потенциалы менен кадыр-баркы биздин достугубуздун бекемдигин жана биримдигибиздин күчүн ачык көрсөтүп турат.
Урматтуу кесиптештер,
Бүгүнкү саммиттин темасы “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” – заман талабына ылайык, өзгөчө актуалдуу маселе.
Дүйнө терең өзгөрүү баскычында турат.
Технологиялар биздин жашообузду канчалык ылдам өзгөртүп жатканы айкын болуп турат.
Санариптик трансформация менен жасалма интеллект экономикага, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана коомдук жашоонун бардык армактарына таасир этүүдө.
Бүгүнкү күндө атаандаштык ресурстар аймактар үчүн гана эмес, технология жана жасалма интеллект үчүн да жүрүп жатат.
Бул жагдайда Түрк мамлекеттер уюму өз алдынча геоэкономикалык жана технологиялык борбор болуп калыптануу үчүн жакшы мүмкүнчүлүккө ээ.
Жасалма интеллект жана санариптештирүү бүт Түрк мейкиндигинде активдүү өнүгүп жатканын канааттаануу менен белгилеймин.
Азыркы мезгил – бул багытта кызматташтыкты чыңдоо жана күчөтүү мезгили.
Биздин биргелешкен аракеттер, билим алмашуу жана технологиялык интеграция аркылуу гана заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп бере алабыз.
Түрк мамлекеттеринин биримдиги жана биргелешкен инновациялык потенциалы жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана регионду глобалдык технологиялык картада күчтүү борбор катары чыңдайт.
Аталган тармакта Кыргызстан дагы бир топ маанилүү кадамдарды жасады, бул жетишкендиктер менен сиздерди тааныштырып кетким келет.
Кыргыз Республикасында санариптик трансформация саясаты ырааттуу ишке ашырылып жатат.
2026-жылы санариптик чөйрөнү өнүктүрүү, маалыматтарды жөнгө салуу жана жасалма интеллектти колдонуу үчүн укуктук базаны аныктаган Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси күчүнө кирди.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик.
Анын айкын далили – «Түндүк» порталы.
Бул портал аркылуу жарандар 195 мамлекеттик кызматты онлайн режиминде ала алышат.
Жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы саны беш жыл ичинде 67 миллионду түзсө, анын ичинде соңку төрт айда эле 12 миллиондон ашты.
Азыркы учурда Кыргызстанда кыймылсыз мүлк жана унааларды каттоодон баштап, паспорт алуу жана башка мамлекеттик кызматтарга чейин үйдөн чыкпай туруп уюлдук телефон аркылуу жетүүгө болот.
«Түндүк» мамлекеттик кызматтар порталынын жалпы колдонуучулары 16 жаштан 55 жашка чейинки өлкө калкынын 80 пайызын түзөт.
Соңку беш жыл ичинде мамлекеттик органдардын электрондук операцияларынын көлөмү 5 миллиарддан, ал эми мамлекет менен бизнес арасындагы электрондук операциялар 1 миллиард 700 миллиондон ашты.
Бул көрсөткүчтөр санариптик технологиялардын күндөлүк турмушубузга терең интеграцияланып баратканынын белгиси.
Ушул эле тенденция билим берүү тармагына да оң таасир этүүдө.
Ошондуктан, санариптик билим берүү тармагында да олуттуу кадамдар жасалды.
Бардык мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташты, ал эми жогорку окуу жайларда жасалма интеллект, санариптик укук жана блокчейн технологиялары боюнча жаңы бакалавр жана магистр программалары ишке кирди.
Ошол эле учурда, жасалма интеллект үчүн өзүнчө ченемдик укуктук база иштелип чыгууда жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз.
Кыргызстанда жасалма интеллект тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөнүн жана илимий коомчулуктун аракетин координациялоо максатында Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү.
Мындан тышкары, Бишкекте Жасалма интеллект боюнча Улуттук борборду түзүү иштери активдүү жүрүп жатат.
Ал инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга, таланттарды өнүктүрүүгө жана глобалдык технологиялык тенденциялар менен синхрондуу иштөөгө мүмкүндүк берет.
Мындай санариптик жана интеллектуалдык демилгелер глобалдык каржы жана технологиялык өзгөрүүлөр менен тыгыз байланышып, жаңы финансылык механизмдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүүдө.
Бүгүнкү күндө финансылык технологиялар жана санариптик активдер жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, виртуалдык валюталар жана токендештирилген активдер глобалдык экономиканын маанилүү бөлүгүнө айланууда.
Ушул глобалдык тенденциялардын алкагында, Кыргызстандагы жаңы финансылык технологияларга токтолгум келүүдө.
Кыргызстан жаңы санариптик финансылык ыкмаларды киргизүү жана виртуалдык активдер рыногун түзүү боюнча практикалык кадамдарды жасап жатабыз.
Президенттин алдында виртуалдык активдер секторун өнүктүрүүгө жана криптовалюталарды коопсуз колдонуу үчүн укуктук норманы түзүүгө багытталган Улуттук кеңеш түзүлдү.
Жакында Кыргызстан санарип сомду, KGST улуттук стейблкоинди ишке киргизди.
Мамлекеттик крипторезерви жана активдерди токендөө боюнча иштер жүрүп жатат.
Эл аралык Чейн анализис индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу жана аны менен иш алып баруу боюнча дүйнөдө 19-орунда турабыз.
Ошондуктан бул багытта кызматташууну кеңейтүүнү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштайбыз.
Урматтуу мамлекет башчылары,
Биздин аймак Евразиянын жүрөгүндө жайгашып, бул географиялык артыкчылык бүгүнкү күндө жаңы мааниге ээ болууда.
Бул стратегиялык мүмкүнчүлүк.
Аны ишке ашыруу үчүн ыкчам жана макулдашылган аракеттерди көрүшүбүз зарыл.
Эгерде биз транспорттук коридорлорду санариптик платформалар менен бириктире алсак, түрк мамлекеттери дүйнөлүк товар ташуу системасында маанилүү ролду аткара алат.
Сиздерге маалым болгондой, кыргыз тарап эл аралык жүк ташуунун электрондук коштомо кагазын ишке киргизүү боюнча Меморандумду ишке ашыруу демилгесин көтөргөнбүз.
2026-жылдын 23-апрелинде Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жолугушуусу өттү.
Ал жыйындын жыйынтыгында аталган Меморандумга кол коюлду.
Учурдан пайдаланып, транспорт багытындагы бул жетишкендигибиз менен баарыңыздарды куттуктап, колдоп бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Түркия кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун атайын кеңешин түзүү жөнүндө келишим долбоорун иштеп чыкканын белгилегим келет.
Долбоордун алкагында издөөдө жүргөн адамдарды табуу жана маалымат алмашуу үчүн электрондук санариптик система түзүлөт.
Аталган келишимге биздин ички иштер министрлерибиз сентябрда Астанада өтө турган жолугушууда кол коюшат деп үмүттөнөм.
Дээрлик бир жыл мурда Кыргыз Республикасы электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндө Келишим долбоорун демилгелеп, тараптарга сунуштаганбыз.
Бул долбоор бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү жолунда маанилүү кадам деп эсептейм.
Ошондуктан, Сиздерден аталган документти алдыга жылдырууну камсыз кылууну өтүнөм.
Урматтуу кесиптештер,
Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда 2024-жылы Бишкек шаарында, Кыргызстандын төрагалыгы учурунда кол коюлган Санариптик экономика боюнча макулдашууну өзгөчө баса белгилегим келет.
Кыргызстан бул макулдашууга чоң үмүт артат, анткени электрондук коммерция мамлекеттерибиздин соода байланышын күчөтүп, санариптик экономикадагы кызматташууну кеңейтет.
Учурда биз макулдашууну ратификациялоону аяктап жатабыз жана аны тез арада ишке ашыруу үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз.
Мындан тышкары, Түрк инвестициялык фондунун практикалык ишмердүүлүгүн жакын арада баштоо – жалпы кызыкчылыктарды алдыга жылдырууда маанилүү кадам деп эсептейбиз.
Фонддун ишмердүүлүгү экономикалык өз ара аракеттенүүнү санариптештирүүгө жана санариптик каржы инструменттерин өнүктүрүүгө натыйжалуу таасирин тийгизет.
Маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу биздин Уюмдун артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин эске алып, бул тармакты санариптештүрүү маселесине көңүлүңүздөрдү бургум келет.
Түрк элдеринин маданиятын, тарыхый жана руханий мурастарын сактоо, жайылтуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү – бүгүнкү замандын маанилүү милдети болуп саналат.
Андыктан, бул багытта заманбап иммерсивдүү жана комплекстүү санариптик технологияларды колдонуу менен санариптик музей порталын түзүүнү зарыл деп эсептейм жана демилгени сиздердин карооңуздарга сунуштайм.
Бүгүн көтөрүлгөн демилгелерди жана сунуштарды ишке ашыруу жолдорун Өкмөт башчылар кеңешине тапшырууну сунуштайм.
Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган Уюмдун Өкмөт башчылар жолугушуусу Бишкек жана Баку шаарларында ийгиликтүү өткөнүн белгилей кетким келет.
Урматтуу саммиттин катышуучулары,
Учурдан пайдаланып, боордош Түркия жана Өзбекстанды футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатына чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Кыргыз эли сиздерге күйөрмандык кылып, ар бир оюнда ийгилик, күч-кубат жана эң мыкты натыйжаларды каалайбыз!
Сиздерге белгилүү болгондой, футбол дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин, сентябрь айында Кыргызстанда башка дүйнө чемпионаты – Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.
Көчмөндөр оюндары эл аралык маданий, илимий жана спорттук коомчулуктардын арасында чоң кызыгууну жаратууда.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу демилгесинин ээси катары бул биз үчүн өтө чоң сыймык.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздерди, өлкө делегацияларын жана спортчуларды келе жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырабыз жана активдүү катышууңуздарды күтөбүз.
Урматтуу достор,
Сөзүмдүн аягында, Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташууга жана биргелешкен аракеттерди чыңдоого даяр экенин баса белгилей кетким келет.
Бүгүнкү саммиттин жыйынтыктары жемиштүү болуп, кызматташтыгыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келерине ишенем.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!"