www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары менен биргеликте “Азрет Султан” улуттук тарыхый-маданий музей-коругуна жана Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барды.
Мамлекет башчылар “Азрет Султан” музейинин “Сейрек кездешүүчү экспонаттар залынын” экспозициялары менен таанышты.
Лидерлерге Кожо Ахмед Ясави күмбөзүнүн тарыхына жана түрк дүйнөсүнүн бай руханий мурасына байланыштуу уникалдуу артефакттар көрсөтүлдү. Бөтөнчө XIV–XV кылымдарга таандык, өзгөчө тарыхый жана маданий баалуулукка ээ болгон чыныгы тарыхый реликвияларга көңүл бурулду.
Андан соң президенттер ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген орто кылымдагы ислам архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги болгон Кожо Ахмед Ясави күмбөзүнө барышты.
XIV кылымдын аягында эмир Тимурдун буйругу менен курулган комплекс түрк жана ислам цивилизациясынын негизги руханий жана маданий борборлорунун бири болуп саналат. Мамлекет башчылары мавзолейдин ички түзүлүшү жана комплексте сакталып турган тарыхый реликвиялар менен таанышты.
Күмбөздүн ичинде Куран окулду.
Түркстандын тарыхый-маданий жайларына баруу Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммитинин программасынын бир бөлүгү болуп, түрк элдеринин руханий, тарыхый жана маданий мурасынын жалпылыгын баса көрсөттү.