www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев ФИФАнын Азия жана Океания чөлкөмдөрү боюнча мүчө ассоциациялардын директору Сандживан Баласингам жана ФИФАнын Дубайдагы Регионалдык кеңсенин мүчө ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджери Хасан Юсуф Ахмед Хассан менен жолугушуу өткөрдү.
ФИФА өкүлдөрү Бишкекке жаңы шайланган КФБ президентин куттуктап, аны расмий кызматка шайланышы менен куттуктоо максатында келишти. Ошондой эле алар ФИФА президенти Джанни Инфантинонун атынан куттуктоолорду жеткиришти.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Сандживан Баласингам үч жыл мурун ФИФА президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келип, өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолукканын белгиледи. Ал ФИФА ар дайым кызматташууга ачык экенин жана футболду өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Өз кезегинде Адылбек Касымалиев ФИФА өкүлдөрүнө куттуктоолор жана кыргыз футболуна болгон көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирди.  
«Биз үчүн ФИФА өкүлдөрүн Кыргызстанда кабыл алуу чоң сыймык. ФИФАнын биздин өлкөдө футболду өнүктүрүүгө кызыгуусун жогору баалайбыз. Бул биз үчүн чоң жоопкерчилик да болуп саналат. КФБнын футболду мындан ары өнүктүрүүгө багытталган олуттуу максаттары жана пландары бар», — деди КФБ президенти. 

Мындан тышкары, ФИФА өкүлдөрү Джанни Инфантинонун атынан КФБ президентин футбол боюнча дүйнө чемпионатына расмий чакырышты. Адылбек Касымалиев ачылыш же жабылыш аземине катышууну ниетин билдирди. 
Ошондой эле сүйлөшүүдө өлкө жетекчилиги футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы белгилеп, спорттун бул түрүн жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоп келери айтылды.

 

Последние новости