www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Такси, тамак жеткирүү тармактарында иштеп жаткан чет элдик жарандар жумуштан кетирилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, чет жерден иштегени келгендердин көпчүлүгү тигүү цехтерине, курулуш тармагындагы жумуштарга келген. Алардын такси, кафе жана тамак жеткирүү тармактарында иштөөгө уруксаты жок. Аталган тармактарда иштөө үчүн тиешелүү уруксат кагаздары болушу шарт.

Тамак жеткирүү, таксиде чет элдиктер мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталгандыктан, милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузгандарга айып салынган. Ошондой эле тамак жеткирүүдө, таксиде иштеп жаткан чет өлкөнүн жарандары жумуштан кетирилген.

«Биз алардын (такси, тамак жеткирүү тармагында – ред.) иштөөсүнө бөгөт койдук. Скутерге экиден отуруп алып Glovo’до иштегендерди көрбөй калганыңыздардын себеби биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Алар өздөрүнүн атынан эмес биздин жарандарга берилген уруксат кагаздарды кандайдыр бир себептер менен алып, иштеп жүрүптүр. Биз бул мыйзам бузууларды аныктап, чет өлкөлүк жарандарга айып салдык, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Алар бул жакта иштеш үчүн квота менен келиш керек, тиешелүү уруксат кагаздарын, медициналык маалымкаттарды алып, андан кийин тамак ташыган жерлерди иштеши кажет», — деди ал.

Абдиевдин айтымында, мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүк жарандарга алгач 5,5 миң сом айып салынат. Айыпка жыгылган чет элдик белгиленген убакытта айыппулду төлөп, тиешелүү документтерди тууралашы керек. Эгер ал талаптар аткарылбаса, материалдар сотко жөнөтүлүп, сот чет элдикти өлкөдөн чыгаруу тууралуу токтом чыгарат. Андан кийин чет өлкөлүк атуулга өлкөдөн чыгып кетүүгө бир ай берилет. Белгиленген убакыт өткөн соң милиция аны бир айга чейин камакка алат. Ошол бир айдын ичинде ал өз акчасына же аны жумушка чакырган фирманын эсебинен өлкөдөн чыгып кетиши керек. Анын акча жок болуп чыкса, мамлекеттин эсебинен келген өлкөсүнө жөнөтүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости