www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги студенттер үчүн уюштурулган каттамга билеттер сатыларын кабарлады. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасында билдирди.

Элчиликтин маалыматында, Исламабад жана Лахорго учуп жаткан Aeronomad компаниясы билеттерди брондоо мөөнөтүн 30-майга чейин узартты. Аталган компания пакистандык студенттерди 22-майдан бери мекенине жеткирүүдө.

«Учакта орундарга акы төлөнөт», — дейт элчилик.

Жарыянын астына пакистандыктар нааразычылыгын билдиришүүдө. Алар өкмөт бекер учак убадаганына карабай, акча алынып жатканын жазып жатышат.

“Өкмөт бекер учак болорун айткан. Студенттер оор кырдаалда турган кезде мафия билетти сатып өз кызыкчылыгына иштеп жатат. Өкмөт бул кырдаалды иликтеп чыгыш керек”, — деп билдирүү жазылган.

Элчилик андан сырткары, Карачи шаарына дагы учак учарын жарыялап, ага билет бекер же акы алынарын көрсөткөн эмес.

Белгилей кетсек, Aeronomad 2021-жылы ачылган кыргызстандык авиакомпания, ал башынан эле Пакистан, Индия жана Орусияга учат. Бүгүн авиакомпания Пакистанга 4 рейс аткарды. Эртеңки дагы Исламабадка бир учак пландалган.

Дагы бир компаниянын бүгүнкүгө Пешаврга пландалган 2 учагы токтотулду.

“Манас” аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, Пакистанга 21-майда 5 каттам, 22-майда 5 каттам, 23-майда -5, 24-майда -4 каттам учуп, экөө кечке пландалууда.

Белгилей кетсек, элчиликтин Facebook тармагындагы баракчасында нааразачылыктар жана Пакистан өкмөтүнө кайрылуулар дагы жазылууда. Алар 18-май күнү Бишкектеги кырдаалды туруктуу деп баалагандыгы үчүн элчи Хасан Зайгамдын отставкасын талап кылышууда.

Андан сырткары, студенттерди Кыргызстанга окууга тарткан мекендеши, ишкер Имран Назирдин жоопкерчилигин кароо сунушу айтылып жатат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости