www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин Кадамжай районунда жубайын өлтүргөн жаран 13 жылга абакка кесилди. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кадамжай райондук сотунун 22-майдагы өкүмү менен Ж.А. уулу аттуу соттолуучу 122-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) жана 136-берене (ден соолукка жеңил залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, жазаларды жарым-жартылай бириктирүү менен 13 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле сот анын мүлкүн конфискациялоо, 30 миң сом айыппул салуу жана жабырлануучу тарапка 100 миң сом моралдык зыян төлөтүү тууралуу чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, аталган окуя быйыл 2-январда болгон. Маркум келиндин туугандары билдиргендей, айыпталуучу (Ж.А. уулу) 23 жаштагы жубайын үч күн бою сабап, үйүнөн качып чыкканда, көчөдөн ур-токмокко алып, андан кийин муунтуп өлтүргөн. Маркум келин 1-топтогу майып болгон.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости