www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети накталай эмес төлөм жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү үчүн кошумча чараларды кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн 15-майдагы токтомунда айтылган.

Ага ылайык, кыймылсыз мүлктүн менчик укугун өткөрүүчү келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн төлөмдөр накталай болсо 10 эсе жогорулайт.

Накталай тарифтер төмөнкүдөй:

эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 10 000 (он миң) сом;

эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 20 000 (жыйырма миң) сом;

эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 50 000 (элүү миң) сом.

Ошондой эле мамлекеттик банктарга ("Айыл Банк", РСК Банк жана "Керемет Банк") бүтүмдүн суммасынан 0,02 пайыз өлчөмүндө эскроу-эсепти тейлөө үчүн комиссия белгилөө сунушталды. Ушундай эле сунушту Улуттук банк коммерциялык банктарга берүүсү көрсөтүлгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости