www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында "Макси" аттуу кызматтык-издөөчү иттин жардамы менен жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган А.у.М. аттуу жаран кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жеке кароо учурунда кармалган жарандан жалпы салмагы 28 грамм болгон психотроптук зат табылып алынган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, шектүү жаран коңшу мамлекеттен жөнөтүлгөн эл аралык почта алганы аныкталган.
Жөнөтүлгөн кутучаны кароо учурунда, жашыруу үчүн колдонулган тиричилик мешинин ичинен жалпы салмагы 1 килограмм 33 грамм болгон психотроптук зат табылып алынган.
Кармалган жарандын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда салмагы 6 грамм болгон баңгизаты табылып алынган.
Тергөө учурунда, шектүү "К" интернет дүкөнүндө иштеп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында "тайник-закладка" деп аталган жашыруучу жайларды жасоо аркылуу психотроптук заттарды таркатып жүргөндүгү аныкталган.
Алдын ала эсептөөгө ылайык, алынган партия сатылып кеткен учурда мыйзамсыз киреше 5 миллион сомдон ашык сумманы түзмөк. Милиция кызматкерлеринин өз убагында көрүлгөн чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында 7 миңден ашык бир жолку дозадагы синтетикалык баңгизаттардын таралышына бөгөт коюлду.
Учурда бул кылмыштуу иштерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.