www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын тышкы карызы учурда өлкө үчүн олуттуу көйгөй жаратпай турганын билдирди.
Бул туурасында:
- Азыркы учурда тышкы карыз биз үчүн көйгөй жаратпай эле. Аны баалоодо көлөмү, мисалы, 10 же 15 миллиард долларга жеттиби дегенден көрө, ИДӨгө болгон катышы маанилүү. Азыр ИДӨбүз 2 триллион сомго жетти, - деди Адылбек Касымалиев.
Анын айтымында, мамлекеттик карызды баалоодо анын жалпы суммасынан көрө ИДӨгө болгон катышы маанилүү. Касымалиев учурда Кыргызстандын ИДӨсү 2 триллион сомго жакындаганын белгилеп, мурда тышкы карыз ИДӨгө салыштырмалуу жогору деңгээлде болсо, азыр бул көрсөткүч болжол менен 39 пайызды түзүүдө.
Бирок эксперттер мамлекеттик карызды баалоодо анын ИДӨгө катышы менен гана чектелбестен, карызды кайтаруу мүмкүнчүлүгү, бюджеттин кирешеси жана алынган каражаттардын натыйжалуулугу да эске алынышы керектигин белгилешет.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын март айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен 5,2 миллиард доллары тышкы, 4,6 миллиард доллары ички карыз.