www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Климаттын жылышы жана узакка созулган ысык аба ырайы Европанын айрым туристтик аймактарында кооптуу вирустардын көбөйүшүнө алып келүүдө.

Испания, Португалия, Франция, Италия жана Греция сыяктуу өлкөлөрдө 1000ден ашык шектүү жана тастыкталган учур катталганы кабарланды.

Адистерди өзгөчө Батыш Нил вирусунун жайылышы тынчсыздандырууда. Бул инфекция муундарга зыян келтирип, оор учурларда шал оорусуна же өлүмгө алып келиши мүмкүн. Учурда бул вируска каршы атайын вакцина же дарылоо ыкмасы жок.

Ошондой эле Түштүк Европада чикунгунья вирусу жайылып жатат. Ал катуу муун жана булчуң ооруларын жаратышы мүмкүн. Франция менен Италияда жүздөгөн учур катталганы айтылууда.

Мындан тышкары, Хорватия, Франция, Италия, Испания жана Португалияда денге безгегинин учурлары көбөйүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму климаттын өзгөрүшү ооруну таратуучу чиркейлердин жаңы аймактарга жайылышына шарт түзүп жатканын эскертүүдө.

Последние новости