www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө психотроптук заттардын ири партиясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт койду.
Маалыматка ылайык, кызматтык-издөөчү «Макси» аттуу иттин жардамы менен жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө 1995-жылы туулган А.у.М. аттуу жаран кармалган.
Аны жеке кароо учурунда жалпы салмагы 28 грамм психотроптук зат табылган.
Тергөөдө шектүү коңшу мамлекеттен жөнөтүлгөн эл аралык почта жүгүн алганы аныкталган. Почта кутусун текшерүүдө жашыруу үчүн колдонулган тиричилик мешинин ичинен жалпы салмагы 1 килограмм 33 грамм психотроптук зат табылган.
Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүдө дагы 6 грамм баңгизат алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жаран «К» аттуу интернет-дүкөн аркылуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда «тайник-закладка» ыкмасы менен психотроптук заттарды таратып жүргөн.
ИИМдин маалыматына ылайык, алынган партия толугу менен сатылган учурда мыйзамсыз киреше 5 миллион сомдон ашмак.
Өз убагында жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында өлкө аймагында 7 миңден ашык бир жолку доза синтетикалык баңгизаттын таралышына бөгөт коюлду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.