www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 9 жаштагы баланы өлүмгө алып келген жол кырсыгына шектелген автобустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, болжол менен саат 09:00 чамасында болгон. ZHONG TONG үлгүсүндөгү автобусту башкарып бара жаткан Б.М. аттуу айдоочу Жаш Гвардия бульвары менен түштүк багытты көздөй бара жатып, Рыскулов көчөсүнө оңго бурулган учурда 9 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп кеткен.

Жабыркаган бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жаракатынан улам каза болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү («Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.

Шектүү айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Автобус атайын айып короого токтотулуп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эгер айдоочунун күнөөсү далилденсе, ага 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралышы мүмкүн.

Последние новости