www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда мамлекеттик чек ара тилкесинде кызмат өтөп жаткан эки келишимдик аскер кызматкеринин ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен алардын бири жаракат алды.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 9-июль күнү чек ара тилкесине зым тосмо орнотуу иштеринин жүрүшүндө болгон.
Жеке келишпестиктен улам чыккан чырда аскер кызматкерлеринин бири экинчисине күч колдонгон.
Натыйжада С.Т. аттуу чек арачы жаракат алып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кийинчерээк ал Улуттук госпиталдын жаак-сөөк жана бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган.
Дарыгерлер жабырлануучуга ички жаагы сынган деген диагноз коюшкан.
Учурда анын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды.
Аталган факт боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, күч колдонгон аскер кызматкери кызматтан бошотулуп, анын аракетине юридикалык баа берилет.