www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунда экологиялык рейд өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды мыйзамсыз агызуу фактылары аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 6 административдик протокол түзүлүп, күнөөлүү жарандарга жалпы 62 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, рейддин негизги максаты — жайлоолордогу экологиялык абалды көзөмөлдөө, калдыктарды жана саркынды сууларды мыйзамсыз төгүүгө жол бербөө, ошондой эле жарандардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин жогорулатуу болгон.

Ошондой эле инспекторлор жарандарга айлана-чөйрөнү таза сактоо, таштандыларды жана саркынды сууларды атайын белгиленген жайларга гана чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Экологиялык талаптарды сактабаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчилик каралары эскертилди.

Последние новости