www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан көчмө кабылдама пунктунун жардамы менен Чүй районунун Токмок шаарынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги, милициянын полковниги Н. Адылова, ИИМдин КККнын башкы инспектору, милициянын полковниги Т. Алижанов жана ИИМдин КККнын инспектору Б. Мажикеевдер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө калк ичинде ар кандай зордук-зомбулук аракеттерин, үй-бүлөөлүк зомбулук жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук- зомбулуктарды алдын алуу аталышындагы маектешүү, түшүндүрүү иштери жеринде жүргүзүлдү.
Ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна милиция кызматкерлери жооп беришип, жолугушууда сунуш-пикирлер айтылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун “2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан демилгеленген милиция менен калктын ортосундагы мамилени бекемдөө максатында аталган иш-чара региондордо өтүп жаткандыгын белгилейбиз.
Булак: NazarNews.kg