www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде маңзат даярдалган лабораторияны аныктады. ИИМдин басма сөз кызматы бул факт Кылмыш кодексинин 267-беренеси ("Маңзатты сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") ылайык сотко чейинки ачылган өндүрүштүн негизинде аныкталганын билдирди. Анда атайын үйрөтүлгөн иттин жардамы менен тинтүү жүргүзүлгөндө 36,5 кг маңзат алынган.

Райондук сот кылмышка шектелип кармалган Р. О. аттуу жаранды тергөө абагына камоо тууралуу өкүм чыгарды.

Быйыл, 19-январда Ош шаарында баңгизат жасоого колдонулган бир тоннадан ашуун химиялык суюктук кармалган. Экспертизанын корутундусу менен андагы аммиак суусунун эритмеси болжол менен 20-21% түзгөн.

Аммиак суусу амфетаминди, амфетамин сымал стимуляторлорду жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулат жана эл аралык жана улуттук көзөмөлдөөгө алынган заттардын чектелген тизмесине киргизилген.

Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн баңги заттарын Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө жашыруун алып өтүүчү жолдо жайгашкан өлкө экенин адистер айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости