www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзаданын курбусу:

Ала качуунун курмандыгы болгон 26 жаштагы Айзада Канатбекова үй-бүлөдө жалгыз кыз, атасыз өскөн. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан болот. Бул тууралуу маркум кыздын курбусу Аяна Байтемирова маалымат булактарына билдирген. 

--"Айзаданы өлтүргөн бала анын жигити экенин жазышууда, бирок андай эмес. Ал бала Айзаданын артынан бир топтон бери аңдып жүргөн. Андан качып, 6 ай контракт менен Түркияга иштегени кетмек. 6 айга иштеп келгени документтеринин баарын тапшырып койгон. Виза 15-апрелден кийин чыкмак. Айзада ал балага турмушка чыгууга ниети жок болчу. Курбум апасын аяп, эч нерсе айткан эмес экен. Негизги максаты эч текеден кем кылбай баккан апасына жакшы жашоо түзүп берүүгө, үй сатып алып апасын көчүрүп баруу болчу. Билимге умтулган, корей тилин билчү. Бишкектеги Кыргыз Түрк "Манас" университетин бүткөн. Апасы Назгүл эже экөө Бишкекте турчу. Волейболду мыкты ойноп, Кыргызстандын атынан Азербайджанга чейин барды. Мындан тышкары дагы чет өлкөлөргө чыгып жүрчү", – деди маркумдун курбусу. дейт Айзаданын курбусу.

Аяна Байтемирова учурда Айзаданы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Балыкчы шаарына кетип бара жатканын кошумчалаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости