www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда Исхак Пирматовго кылмыш иштерин козгогон. Ал «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда бир канча миллион долларды жеп кеткени боюнча айыпталганы эсибизде. Депутаттык кол тиибестигине карабай Пирматов камаларда, президенттик аппараттагы Икрамжан Илмияновго ортомчулар түшүү менен сактап калышканы талкуу жаратпады беле? Шопур жөн эле калкалайбы? Алчусун «пачкелеп» сугунса керек да, ыя?

Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен кынык алган Исхак Пирматов Бишкек мэри Албек Ибраимов менен дос болуп, чогуу-чаран көшөгө артынан акча таба башташканын кайда жашырабыз? Шаар ичинен арбын жерлерди бөлдүрүп, жакындары аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү салууга киришкендери, «Манас» эл аралык аэропорттон күйүүчү майларды сатуу менен жалтыраша байышып, асмандап калышканычы? Дал ушул иштерин терең иликтөөгө алышса, кыйла кылмыш иштери чуу-руп чыгарын кайда катабыз? Бирок, жабылуу аяк ачылбады. Айтор, ал кезекге жакшы эле доорон сүрүштү...

Кийин Сооронбай Жээнбеков бийликке келгени коррупцияга шектүү депутаттын былыктары козголгон жок. Ооз басырык кылганбы? Кызыгы, былтыр «Биримдик» партиясы менен Исхак Пирматов парламенттик шайлоого аттанганын билебиз.

Тилекке каршы, төңкөрүш болуп кетип, ошол арада из жашырып кеткенин кесиптештери айтып жүрүшкөн эле. Катуу мүдүрүлүптүр. Бир жагынан «каралар», экинчи тарабынан «кызылдар» издөөгө алышып, сыягы, көшөгө артынан «кустуруу» ишаратын кылышканы ыраспы? Миллиондор менен жанын сактап калганы жар салынабы?

Айтор, бул эргулдун ишмердиги боюнча олуттуу суроолордун түйүнү жакында чечилеби? Саясий элитада болсо Пирматов мамлекеттин казынасына эмес, кайсы бир таасирдүү күчтөргө миллиондорду которгону айтылып жатат го, бул жагынан качан чекит коюлат? Бийликтегилер коррупцияга каршы күрөшүүдө калыстыктан тайып, тандалма иретинде оюн кылышса, элестете бергиле... Анан рейтингдери түшөт да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости