www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва улуттар үйүнүн (МДН) директору Владимир Тарасов менен жолугушту.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү дагы катышты.

Тараптар Москвадагы кыргыз диаспорасынын Москвадагы улуттар үйүнүн ишине катышуусун талкуулашты. Элчи Москва улуттар үйүнүн этномаданий ар түрдүүлүктү сактоодо, этностор аралык тынчтыкты жана ынтымакты орнотууда салым кошкон иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө ролу жогору экендигин белгиледи.

Тарасов Москва улуттар үйүнүн эшиги Россияда жашаган бардык элдер жана улуттар үчүн ар дайым ачык экендигин баса белгилеп, кыргыз диаспорасынын демилгелерин колдоого жана иш-чараларды өткөрүү үчүн улуттар үйүнүн аянтын берүүгө даяр экендигин билдирди.

Тарасовго Москва шаарындагы кыргыздар тарабынан жазылган «Москва кайрыктары» аттуу алтынчы ырлар жыйнагын белекке беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости