www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбеков УКМКда сурак берип жатат

Бүгүн, 8-апрелде саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ага жакын туугандары аркылуу кысым көрсөтүлүп жатат. Жээнбеков муну ойдон чыгарылган саясий иш деп баалайт.

Кошумчалай кетсек, бүгүн эрте менен саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү өзүнүн үйүнө эле тургай, эжелеринин үйүнө да жүргүзүлүүдө. Азырынча тинтүүнүн себеби белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости