www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан экзамен алуунун тартиби боюнча атайын жобо иштелип чыкканын билдирди.
Ага ылайык, эрежени одоно бузган айдоочулар токтотулуп, планшет менен тест тапшырышат.
-Берилген алты суроонун төртөөнө туура жооп бергендер жолун улантат. Жооп бере албагандардын айдоочулук күбөлүгү алынып, кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт, - деди Бийбосунов.
Ал мунун баары автоматташтырылган маалыматтык тутумда болорун белгиледи.
Белгилей кетсек, эрежени одоно бузуу учурларына номери жок унаа айдоо, ылдамдыкты ашыруу, жол чырактын кызылынан өтүү, каршы тилкеге чыгуу сыяктуу беренелер кирет.
Булак: NazarNews